Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын байге алды. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык атаандашы Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди.
Мээрим Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Ал алгач беларус Анна Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык атаандашын 6:6 эсебинде уткан.
Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге алды. Ал 3-орун үчүн таймашта орусиялык Екатерина Букина менен күрөшүп, 11:8 эсебинде жеңишке жетти.
Ушуну менен кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын эсебине Дүйнө кубогунан үчүнчү байге жазылды. Буга чейин бир күн мурда 62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынган.