Мээрим Жуманазарова Дүйнө Кубогунда алтын медаль алды

Автор -

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын байге алды. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык атаандашы Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди.

Мээрим Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Ал алгач беларус Анна Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык атаандашын 6:6 эсебинде уткан.

Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге алды. Ал 3-орун үчүн таймашта орусиялык Екатерина Букина менен күрөшүп, 11:8 эсебинде жеңишке жетти.

Ушуну менен кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын эсебине Дүйнө кубогунан үчүнчү байге жазылды. Буга чейин бир күн мурда 62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынган.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү