Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрдан башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, окуучулар 2021-жылдын 12-январына дейре эс алышат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко мектеп окуучуларын 14-декабрда каникулга таратып, 18-январдан тартып салттуу билим берүүнү жандантууну сунуштаган. Бирок Билим берүү министрлиги бул сунушту колдогон эмес.