Союзбек Сарыков прокуратура органдарынан айдалды

Автор -

Ош облусунун прокуратура бөлүмүнүн ага прокурору Союзбек Сарыков кызматтан кетирилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги кол койгону айтылат. Ошондой эле Ош облусунун прокуратурасынын жетекчилигинин иш-аракетине кызматтык териштирүү уланып жатат.

Буга чейин бир катар ЖМКларда Сарыков шаардык соттун отурумуна мас абалында катышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Бөлүшүү