УКМК мыйзамсыз киргизилген 4 млн сомдук дары-дармектерди аныктады

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген наркы 4 млн сомдук дары-дармекти аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын 16-декабрында УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш чаралардын алкагында, Талас облусундагы «Чоң Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды.

Ичинде дарынын 176 түрү бар 100 кутучанын уруксат кагаздары болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар.

Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка жиберилди.

Бөлүшүү