Өзгөн шаарында кафеден өрт чыкты

Автор -
Иллюстрация

Ош облусунун Өзгөн районунда кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 18-декабрда алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:55те жалпы 3 бөлүм тартылган.

Ал эми саат 12:50дө өрт чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү