Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылган жаран кармалды

Автор -

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылышты. Бул туурасында укук коргоо органдарындагы булактарына таянып,  24.kg агенттиги жазып чыкты.

Такталгандай, белгисиз адам өзүн жогорку даражалуу аткаминердин жардамчысы катары тааныштырып, өз кызматын сунуштаган. Ал Финполдун төрагасынын кайра дайындалган орун басарларынын бири аркылуу кылмыш ишти жаптырып берүүнү убадалаган.

«Кечээ ал киши 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды», — деп билдиришкен редакцияга.

Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу ал кишинин кармалганы тууралуу маалыматты тастыктады. Бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Бөлүшүү