Токмоктогу жол кырсыгы боюнча териштирүү башталды

Автор -

Бишкек-Торугарт автожолунун 66-чакырымында катталып, сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды, деп жазат «Азаттык».

Кырсыктан каза болгондордун, жаракат алгандардын жана айдоочулардын аты-жөнү, жашаган жерлери такталууда.

Бул тууралуу Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы 19-декабрдын түнү саат 22.00 чамасы катталган. «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол ортосундагы тосмого карабай, каршы тилкеге чыгып айдап, жеңил машине менен кагылышкан.

«Фольксваген” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 500 метр жерге барып айланып келбей, каршы тилке менен айдаган. «Бат эле өтүп кетем» деп ойлогон. Бирок ошол кезде өз жолу менен келе жаткан “KIA” үлгүсүндөгү машине менен сүзүшкөн. Себептери дагы такталып жатат. Бул жол кырсыгы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды”, — деди Исаев.

Азыр жол кырсыгынан жаракат алган үч киши ооруканада жатат.
Жол кырсыгынан кийин тартылып, Интернетте тараган видеодон жаракат алгандар менен каза болгондордун сөөктөрүн талкаланып калган машинелерден чыгарышып жатканы жана арасында балдар бар экени тууралуу сөздөр жазылып калган.

Өкмөттүн быйыл сентябрь айындагы маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 3474 жол кырсыгы катталып, 385 адам каза болгон. Бул кырсыктардын 78% айдоочулардын айынан болгону аныкталган.

Бөлүшүү