Токмоктогу жол кырсыгында каза тапкан 7 киши бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

Автор -

Токмок шаарындагы жол кырсыгынан каза болгондордун жетөөсү бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон, деп жазат Turmush басылмасы.

Бул туурасында маркумдардын айылдаштары − Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылынын тургундары айтып беришкен.

«Биздин Нурманбет айылында абдан кейиштүү, чоӊ жоготуу болду. Айыл эли жаман болуп жатат. Ошол «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаада биздин айылдык бир үй-бүлө кетип бара жаткан. Өздөрүнүн унаасы. Андагы ата-эне, келини, уулу жана 3 небереси теӊ каза болуп калды. Азыр үйүндө бир киши жок, баары каза болду. Эмне деп айтарыбызды билбей турабыз. Үйүн жасап, оӊдоп, мына эми жашоонун жакшылыгын көрөбүз деп турган чакта кете беришти.

Бул үй-бүлөнүн 1 кыз, 1 уулу эле бар. Кызы тушоо той өткөрүп, баары ошол тойдон келе жатышыптыр. Ошондо үйдүн 1956-жылы туулган кожоюну, анын 1958-жылкы жубайы, 1985-жылкы уулу, 1992-жылкы келини жана 3 небереси теӊ каза болду. «Киа» унаасында күйөөсү, аялы жана 1 жүргүнчү бар экен деп уктук. Алар ооруканада», — дешкен алар.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, «Фольксваген Вентонун» 1 жүргүнчүсү ооруканадан каза болду.

«Кырсык маалында «Фольксваген Вентодон» 6 киши каза болуп, 1 киши ооруканага түшкөн. Ал эми «Киа» үлгүсүндөгү унаадан 1 киши каза болуп, 3 киши ооруканага түшкөн. Кийин «Фольксваген Вентодо» аман калып, ооруканага түшкөн бир киши дагы каза болду», — деп айтылат маалыматта.