Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкты

Автор -

Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкты. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевге таянып, «Азаттык» билдирди.

Анын айтымында, азыр элден түшкөн сунуш-пикирлерди чогултуп, бир системага салуу иши жүрүп жатат. Юрист жана лингвист адистерден турган эксперттик топ түзүлдү.

Бөрүбашев белгилегендей, баштапкы вариант Жогорку Кеңеш иштеп чыккан редакциянын концепциясына дал келет:

«Биринчи вариантын жаздык. Долбоорду бир сыйра иштеп чыктык. Биринчи вариантын. Негизги концепциясын өзгөртпөйбүз. Ошонун негизинде алымча-кошумча берип жатабыз. Азыр ошонун үстүндө иштөөдөбүз».

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын 98 мүчөсү бар.