Чүйдө өрт кырсыгынан 74 жаштагы аял каза болду

Автор -
Иллюстрация

Чүйдө өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-декабрда кабарлагандай, кырсык Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында катталды.

Жалпы аянты 40 чарчы метрлик үй өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы аял каза болду. Өрттүн себеби такталууда.

Жалпысынан соңку бир күн ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоо менен 19 өрт өчүрүү бөлүм алышты.

Бөлүшүү