Ички иштер министрлигинин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Мурдараак Финансы полициясына Т.Б. аттуу жарандан ИИМ кызматкери 3 миң доллар талап кылып жатканы тууралуу арыз түшкөн.
21-декабрь күнү Финполдун кызматкерлери ИИМдин ички иликтөө кызматы менен бирге Сокулук районунун ички иштер органдарынын кызматкери Р.Б. ны акча алып жаткан жеринен колго түшүрүштү.
Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.