Депутат Мирлан Бакиров өз каалосу менен вице-спикерлик кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев соцтармактагы баракчасында жазды.
«Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу чечимин кабыл алды», — деп жазган Төрөбаев.
Маалыматка ылайык, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп бергени айтылат.