Акыркы суткада COVID-19 3 адамдын өмүрүн алды

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде 3 адам каза тапты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек – 2
— Баткен облусу – 1.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жуктургандардын саны 79 миң 845 адамга жетти. Анын ичинен 73 миң 870 адам айыкты. 1340 адам оорудан каза тапты.

Бөлүшүү