УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мурунку президент Алмазбек Атамбаевге барып жолугат. Бул туурасында ал маалымат жыйын учурунда билдирди.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, ал Атамбаевге эртең Тергөө абагына барып, жолугам деп убада берген.
«Мен Алмазбек Атамбаев жана анын башка кылмыш иштерине тартылышы боюнча эч нерсе айта албайм. Мен эртең ага жолугайын деген ниетим бар. Чынын айтсам, Атамбаевдин ден соолугу анча болбой жатат. Эгер эртең да ошондой болсо, мен аны ооруканага которууга даярмын», — деди Камчыбек Ташиев.