Садыр Жапаровдун жактоочусу президенттик аппаратка бөлүм башчы болуп барды

Автор -

Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп Замирбек Базарбеков дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.

Мурда бул кызматты ээлеп келген Жаныбек Бекназаров өз арызы менен кызматынан бошотулду.

Замирбек Базарбеков 1989-жылдан бери прокуратура органдарында, адвокатурада жана соттук кызматтарда иштеп келген.

«Октябрь айында Башкы прокуратура судьяга карата «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара талап кылуу» беренелери менен иш козгогон»,-  деп жазат April.kg сайты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Базарбеков Балыкчы шаардык сотун жетектеп турганда кылмышка шектелип кармалган жаранды бошотуу үчүн анын тууганынан 15 миң сом сураган. Ал аргасыз 10 миң сом берген. Бирок Соттор кеңеши анда судьяны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген эмес.

2020-жылдын башында Базарбеков Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. Ноябрь айында ал Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөтүлүп, кийин анын төрагасы болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү