Атамбаев Жээнбековдон өч алуу ниети жок экенин билдирди

Автор -
Абактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдон өч алуу ниети жок экенин билдирди. Бул туурасында ал түрмөдөн жолдогон катында жазган.
Каттын тексттин «Фейсбукка» Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев жарыялады.
Анын айтымында, муну менен мурунку президент эл арасында тарап жаткан кептерге жооп берген.
«Кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн «Соке дос» өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. «Соке дос» тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында «Кудай Сокедей достон сактасын» деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок», — деп айтылат текстте.