УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абактагы Атамбаевге жолукту

Автор -
669

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-декабрда УКМКнын Тергөө абагындагы Алмазбек Атамбаевге жолукту.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын кызмат жетекчиси мурунку президенттин кармалуу шарттары жана ден соолугунун абалы менен таанышты.

А.Атамбаев өз кезегинде кармалуу шарттарына жана Тергөө абагынын кызматкерлеринин иш-аракетине нааразычылыгы жок экенин билдирди. Бирок ден соолугунун жакшы эмес экенин айтты.

УКМАК төрагасы Камчыбек Ташиев тийиштүү кызматтарга Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун дыкат текшерүүдөн өткөрүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгы боюнча мурунку президентти ооруканага жаткыруу боюнча чечим кабыл алынат.