Сурабалдиева Матраимовдун батирлерин аукцион аркылуу сатууну сунуштады

Автор -

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун батирлери сатылып, түшкөн каражат бюджетке которулушу керек. Мындай оюн вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Матраимовдордун конфискацияланган мүлкү боюнча айтсам, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттун чечими менен гана батирлерди баланска алып, же аукцион аркылуу сатып, түшкөн каражатты бюджетке которо алат. Башка мыйзамдуу жолу жок. Андыктан мен вице-премьер министр катары башка токтомдорго кол кое албайм», — деп жазат Сурабалдиева.

«Азаттык» бул боюнча Сурабалдиевадан комментарий алганда, вице-премьер-министр Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Матраимовдун батирлери жетим балдарга же муктаждарга берилбей жатканына нааразы болушканын, ал да өкмөт мүчөсү катары батирлердин УКМК кызматкерлерине берилишин колдобой турганын айткан:

«2018-жылдан бери Матраимовдун мүлкү изилденип жатат. Бирок УКМК бир да далил таппай келип, эми ал мамлекетке мүлкүн өткөрүп берсе эмнеге ээ боло калышы керек? Мен да батирлердин муктаждарга берилишин колдойм».

Бишкекте өткөн 24-декабрдагы басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батирдин сегизи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине бериле турганын билдирди.

Ташиевдин айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнга алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берди. Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

Бул билдирүүдөн кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын арасында жана социалдык медиада батирлерди жетим балдарга, дарыгерлерге же мугалимдерге берүү маселеси көтөрүлгөн.