Жоошев: Фарид Ниязовду камактан чыгарбай, алар кимдир-бирөөнүн каалоосун аткарып жатышат

Автор -

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык сотунда президент аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралмак. Бирок айыпталуучуну тергөө изоляорунан сотко жеткиришпегенине байланыштуу отурум 28-декабрга, саат 14:00гө жылдырылды.

Жактоочусу Замир Жоошевдин түшүндүрмөсүнө караганда, бөгөт коюу чарасын кароодо биринчи инстанциядагыдай эле экинчи инстанцияда да айыпталуучунун отурумга катышышы милдеттүү болчу.

«Биздин доо арызды кароонун жайынтыгы менен Фарид Ниязов сөзсүз түрдө бошотулушу керек. Анткени ага коюлуп жаткан айыптын өзү негизсиз экени ушул жылдын 9-октябрында «Ала-Тоо» аянтында болгон башаламандыктарды байкап көргөн бардык кишиге көрүнүп турат.

Фарид Ниязов бул митингге катышкан. Бирок ал жай элдин катарында болчу. Бул күнү ал элдин алдына чыгып сүйлөгөн эмес, демек элди башаламандык уюштурууга чакырган эмес. Тескерисинче, анын жаалданган топтон качып баратканы көрүнүп турган видео материалдар бар. Биз Ниязов башаламандыктын уюштуруучусу эмес, ал окуядан жабыркагандардын бири деп айта алабыз», — дейт жактоочу.

Фарид Ниязовдун бул айып менен камакта отурганына эки айдан ашты. Жоошевдин айтымында, бул убакыт аралыгында аны ИИМге бир гана жолу суракка чакырышкан. Андан бери анын катышуусунда бир да тергөө иши болгон эмес. Андан тышкары ошол күну башаламандыкты уюштурууга айыпталып жаткандардын бири — Канат Сагынбаев.

«Алардан башка башаламандыктын уюштуруучусу, же аны аткаруучу катары бир да киши айыпталбай эле. Биз мындан ИИМ тараптан саясий себепти көрүп турабыз. Алар шайлоо бүткөнчө Ниязовду камактан чыгарбоо тууралуу кимдир- бирөөнүн каалоосун аткарып жатышат окшойт. Анткени ал саясатта мыкты экени көбүнө белгилүү, кимдир-бирөө шайлоого тоскоолдук жаратат деп коркуп жатат», — дейт Замир Жоошев.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү