Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Бопонов «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда түзүлгөн коррупциялык схемага тийиштиги болушу мүмкүн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта ички иштер органдарындагы коррупциялык фактыларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, «Актилек автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда турган Чүй ОИИБнин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан пара алуу фактылары катталганы айтылат.
«Жол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүүнү шылтоолоп, эл аралык жүк ташууга катышкан автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин алып турушкан. Айта кетүүчү нерсе, «Актилек-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунан күн сайын 100дөн 200гө чейин унаа жүк ташыйт», — дешти мекемеден.
Маалыматта жетекчисинен сырткары анын кол алдында иштеген дагы 3 инспектор кармалганы айтылат. Шайырбек Бопоновдун кармалганы тууралуу 26-декабрда белгилүү болгон. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка кызматкерлердин да бул ишке тийиштиги бар-жогун аныктоо иш-чараларын жүргүзүүдө.