Мэрия миллион сом карыз болгон компанияны соттон утту

Автор -

Бишкек мэриясы жердин ижара акысын төлөбөй келген компанияны соттон утуп алды. Эми компания муниципалитетке бир миллион сомдон ашык акча төлөп бериши керек. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ижара келишимине ылайык, мэрия 2012-жылы Турусбеков жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен аянты 1 миң 80 чарчы метр жерди «М.И.С.К.Б» ЖЧКсына 2056-жылга чейин ижарага берген.

«Бирок ошол убактан бери компания ижара акысын төлөгөн эмес. Бүгүнкү күндө карыз 1 млн 12 миң 414 сомду тузөт. Бизге сотко кайрылууга туура келди. Октябрь райондук соту доо арызды толугу менен канааттандырып, компанияны карызын төлөөгө милдеттендирди», — дешти мэриядан.