«Бишкек башкы архитектура» ишканасынын жетекчиси үй камагына чыкты

Автор -

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын коррупция фактысы менен кармалган жетекчиси Асхат Түлөбердиев үй камагына кое берилди. Бул туурасында 24.кг агенттиги жазды.

Мындай бөгөт чараны баш калаанын биринчи май райондук соту чыгарган. Асхат Тулөбердиев саат 21:00дөн эртең мененки 6:00гө чейин үйүндө болушу керек. Ал 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот. Агенттик соттон бул маалыматты тастыкташканын жазат.

Эскерте кетсек, аткаминердин кармалганы тууралуу 24-декабрда маалым болгон. Ал 2017-жылы жер тилкелерин берүүдө жасалма аукциондорду өткөрүү ишине катыштыгы бар деп айыпталууда.