Кыргызстанда жашынып жүргөн эки чет элдик жаран кармалды

Автор -

Кыргызстан аймагында жашынып жүргөн чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жашынып жүргөн КМШ өлкөлөрүнүн биринин М.А. жана Р.Ж. аттуу жарандары камак жайдан качышып, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Алар өлкөдө террордук актыларды жасап, андан кийин жасалма документтерди колдонуп Сирияга кетүү максатын көздөшкөн.

«Кармалган жарандар өз өлкөсүндө оор кылмыш жасаган делинип, камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган жарандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө бөлүмүнө жайгаштырылды. Учурда кылмышкерлерге жардам көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер улантылууда», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү