Бишкекте мөөнөтү бүткөн таттууларды сактаган ири кампа табылды

Автор -

Бишкекте балдар үчүн жаңы жылдык таттуу белектердин жарамдуулук мөөнөтүн узартып жаткан жеке менчик кампа табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Жаңы жылдын алдында өлкөдө негизги керектөөчүлөрү балдар болгон кондитердик азыктарга суроо-талап көбөйөт. Бирок кээ бир кара ниет ишкерлер акча табуунун амалын кылып, балдардын ден-соолугуна коркунуч келтирип, мөөнөтү өтүп кеткен жана сапатсыз өнүмдөрдү сатышууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеден кампа Бишкектин Сыдыгалиев көчөсүнөн табылганын белгилешет. Буга чейин шаардыктардан соода түйүнү саткан продукциялардын сапатына нааразычылыктар келип түшкөн.

«ТТТ Компани» ЖЧКсы ижарага алган кампадан мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар ири көлөмдө сатылганы аныкталды. Ошол эле кампада аталган ЖЧКнын кызматкерлери таттуу азыктардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүшкөн», — деп билдиришти Финансы полициясынан.

Учурда кампага мөөр басылып, жабылды. Тергөө иштери жүрүп жатат.