Чүй облусунун аймагында 31-декабрдан тарта жүргүнчү ташыган поезддер ишин жандантат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясынан» билдиришти.
Маалыматка караганда, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды жандантууга уруксат берген:
- Бишкек — Токмок — Бишкек;
- Кайынды — Бишкек — Кайынды;
- Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта.
Бардык маршруттар күн сайын, ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта каттамы күнүнө эки ирет каттайт. Ишканадан бардык санитардык нормалар сакталарын убадалашты.
«Маршруттар боюнча айрым өзгөрүүлөр бар. Кайынды — Бишкек — Кайынды каттамында «Лицей» деген жаңы аялдама болот. Ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта поезди «Бишкек-1» станциясына чейин барат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, пандемияга байланыштуу эл аралык темир жол каттамдары 17-марттан тарта, ички каттамдар 25-мартта токтотулган.