Башкы прокуратурага Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу өтүнүчү жолдонду

Автор -
31717

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Абдилат Капаров Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси Асылбек Жээнбековдун иштерине укуктук баа берүүнү өтүнөт. Капаров ага-ини Жээнбековдорду бир нече кылмыш жасоого айыптоодо.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси  арыз менен президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго, УКМКга жана Башкы прокуратурага кайрылды.

Төмөндө арыздын текстин толук келтиребиз:

«Мен, Кыргыз Республикасынын мурунку президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин жана анын бир тууганы КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Шарипович Жээнбековдун үй-бүлөлүк жана кландык башкаруусу тарабынан саясий себептерден улам репрессияланган Ош облусунун ИИБинин мурунку жетекчиси Капаров Абдилат Кокушевич, жогоруда аталган кызмат адамдарынын аракеттерине төмөнкү фактылар боюнча укуктук баа берүүңүздү суранам:

  1. 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрга караган түнү президент С.Ш. Жээнбеков нааразычылык акциясына чыккандар менен жолугушууга чыккан жок, өзүнүн мамлекет башчысынын милдеттерин аткаруудан баш тартып, демонстранттарды күч менен таркатуу боюнча мыйзамсыз буйрук берди, кан төгүүлөргө жол берди, натыйжада жарандар жаракат алып, каза болуп, эл үч күн бою өзү менен өзү калды.
  2. 2010-жылдын 10-июнунда Ош облусунун губернатору болуп турганда Сооронбай Жээнбеков жумуш ордун таштап, белгисиз жакта бир нече күн жашырынып жаткан, чыр-чатактын алдын алуу боюнча функционалдык милдеттерин аткарган эмес.
  3. 2010-жылдын май айынын ортосунда өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов Ош облусунун аймагында коомдук тартипти сактоо үчүн Убактылуу Өкмөт тарабынан бөлүнгөн акча салынган капты жеткирип бергенде, губернатор Сооронбай Жээнбеков жана анын ошол кезде эч жерде иштебеген иниси Асылбек Жээнбеков бөлүнгөн каражатты өздөрүнө алып алышкан. Муну жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү А.А.Бекназаров тастыктаган.
  4. Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы кызматында турганда, Бишкек шаарындагы ЖЭБди реконструкциялоого бөлүнгөн Кытай насыясы жөнүндө макулдашууну ратификациялаган, бирок анын акча каражаттарын уурдаганына юридикалык баа берилген жок. Анткени анын агасы Сооронбай Шарипович премьер-министр кызматын ээлеп тургандыктан, укук коргоо органдарына түздөн-түз таасир эткен.
  5. Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турганда, облустун 32 миң 500 жаранына мектеп, бала бакча, жолдорду куруп берүүнү убада кылган. Бул максатта бюджеттен 2 млрд 900 млн сом бөлүнгөн. Бирок иш жүзүндө эч нерсе курулган жок, ал эми каражат аймактын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу алар көзөмөлдөгөн курулуш уюмдарынын эсебине которулуп, акчанын андан аркы тагдыры калкка белгисиз.
  6. Мурунку мамлекет башчы Жээнбековдун иш-аракеттеринде Райым Матраимовдун ишине байланыштуу шалаакылыгы, аракетсиздиги, аны калкалаганы, 700 миллион АКШ долларынын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу журналисттик иликтөөлөргө тоскоолдуктары көрүнүп турат.
  7. Коронавирустук инфекциянын жалпы элге жайылып кетиши, 2020-жылдын жай айындагы адамдардын өлүмү, эл аралык уюмдардын гуманитардык жардамдарын жана бюджеттик каражаттардын максатсыз пайдаланылышы боюнча жоопкерчилик мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдо жатат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, сизден бир тууган Жээнбековдордун иш-аракеттерин тыкыр иликтөөнү, өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салуу чараларын көрүүнү, күзөт карточкасын берүүнү жана конфискациялоо максатында мүлкүн камакка алууну суранам.

Териштирүүнүн жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын жана мамлекет башчысы катары ала турган пенсиясын алып коюуну суранам».

Бөлүшүү