COVID-19: Сутка ичинде 189 адамдан оору табылып, 290 жаран айыгып чыкты

Автор -

30-декабрга карата COVID-19 илдетинин жаңы 189 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Оору жуктургандардын саны боюнча Бишкек менен Чүй облусу алдыда, баш калаада 65 адамдан илдет табылса, Чүйдө 63 киши ооруга чалдыккан. Үчүнчү орунда Ысык-Көл облусу — вирус 24 адамдан аныкталган. Ал эми Ош облусунда — 13, Жалал-Абад облусу — 10, Баткен облусу — 8, Талас облусу — 3, Нарын облусунда 3 адам илдетке кабылган.

Сутка ичинде 290 адам айыгып чыккан:

  • Бишкек – 93
  • Чүй облусу – 96
  • Ысык-Көл облусу – 36
  • Жалал-Абад облусу – 23
  • Ош облусу – 17
  • Ош шаары – 8
  • Нарын облусу – 7
  • Баткен облусу – 7
  • Талас облусу – 3.

Бишкектен бир адам каза тапкан.

Ошону менен Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 80 843 адамга жетти. Анын ичинен 75 624 адам айыгып чыкты. 1354 адам каза тапты.

Учурда ооруканаларда 1165 бейтап бар, алардын ичинен 313 адам оор абалда,
55 бейтап өтө оор абалда. 1791 жаран үй шартында дарыланууда.