Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомдук фонд түздү

Автор -

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомдук фонд түздү. Бул тууралуу анын «Фейсбуктагы» баракчасында маалымдалды.

Маалыматта Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында 2020-жылдын декабрь айынын башында катталганы айтылат.

Фонддун негизги максаты — коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо.

Жогоруда белгиленген максаттарды турмушка ашыруу үчүн фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштерди жүргүзүүгө багытталат.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризис жаралганда отставкага кеткен.

Бөлүшүү