Москвада кар тазалап жатып каза тапкан мигранттын өздүгү такталды

Автор -
452

Москвада көп кабаттуу үйдүн чатырын кардан тазалап жатып каза тапкан кыргызстандыктын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматта, Москванын Хамовники райондук полициясы каза тапкан жаран Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы тургуну экенин тастыкташканы айтылат.

Элчилик кырсыкты ар тараптуу териштирүүнү камсыздоо өтүнүчү менен тергөө бөлүмүнө кайрылуу жөнөттү. Тергөөчү менен байланыш түзүлдү.

Ошондой эле Эмгек инспекциясына эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүү боюнча кайрылуу жөнөтүлдү.

Элчилик маркумдун туугандары менен байланышта экендигин билдирет.

Эске салсак, Кыргызстандын жараны Москванын борборундагы кырсыктан каза тапкан. Окуя дүйшөмбү күнү саат 20:30 чамасында болгон. 31 жаштагы кыргызстандык жигит  үйдүн чатырындагы карды тазалап жатып, кулап кеткен. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.

 

Бөлүшүү