Шаардык сот Алмазбек Атамбаевди абакта калтырды

Автор -

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан 47-колонияга которулду. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошевге таянып, Super.kg жазды.

Анын айтымында, Атамбаевди үй камагына чыгаруу туура чечим болмок.

«Алмазбек Атамбаев 28-декабрда ден-соолугуна байланыштуу колонияга которулду. УКМКнын СИЗОсуна караганда 47-колониянын шарттары албетте жакшы. Бирок, ал шарттар да Атамбаевдин ден-соолугуна тиешелүү кам көрүү үчүн жетишсиз болууда. Буга байланыштуу аны үй камагына которуу туура болмок деп эсептейбиз. Бирок, мындай чечимди чыгаруудан соттор баш тартышууда», — деди Жоошев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары, кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу жана башка фактылар боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон. Ал 2019-жылдан бери абакта болуп келет.