Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 227 адам сакайып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 227 адам сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек – 48
  • Ош шаары – 8
  • Чүй облусу – 74
  • Ош облусу – 18
  • Талас облусу – 14
  • Нарын облусу – 2
  • Ысык-Көл облусу – 44
  • Жалал-Абад облусу – 13
  • Баткен облусу – 6.

Стационарда 888 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 15 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
— 585 (65,8%) — орто оордукта;
— 241 (27,1%) — оор абалда;
47 (5,2%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 1385 бейтап бар.

Март айынан бери Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 81 миң 512 адамга жетти. Анын ичинен 76 955 миң адам айыгып чыккан. 1360 адам каза тапты.

Бөлүшүү