Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы тез тамактануучу жайда газ баллондун жарылышынан 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине таянып, 24.kg жазды.
Маалыматта кырсыктан кийин 11 киши ооруканага жаткырылганы айтылат, кийинчерээк бир аял үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн.
«Эң көп 32 жаштагы аял жабыркаган — анын денесинин 82% күйүп калган. Үч бейтап өтө оор абалда калууда», — деп билдиришти мекемеден.
Кырсыктан 5 эркек, 5 аял жана 2 жаштагы бала жабыркаган.
«Азыркы тапта 2 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, дагы алты киши райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө жатат. Эки жабырлануучу Талас облустук биргелешкен ооруканасына жөнөтүлдү», — дешти Саламаттык сактоо министрлигинен.