Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш башталды

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул туурасында 24.kg агенттиги мекемеге таянып билдирди.

Сотко чейинки өндүрүш булгоочу заттардын абага чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча ачылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коммерциялык жана башка уюмдарда ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен колдонуу» беренеси менен катталган.

Белгилей кетсек, Бишкек World Air Quality уюмунун абанын сапаты боюнча рейтингинде абасы эң кир шаарлардын сап башында турат.