Дастан Бекешев КТРКнын үстүнөн БШКга арызданды

Автор -

Депутат Дастан Бекешев  президенттик башкаруу формасын жактаган үгүт тобунун мүчөлөрүнүн жана КТРК жетекчилигинин үстүнөн БШКга арызданды. Эл өкүлү аларды жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт, деп жазат 24.kg.

Депутаттын айтымында, «Ала-Тоо 24» каналында президенттик республиканы колдогон флешмоб тууралуу 2,5 мүнөттүк сюжет көрсөтүлгөн.

«КТРК кайсы негизде үгүт иштерине аралашып жатат? Бул мыйзам бузуу. Эмне үчүн акы төлөө бул топтун шайлоо фонду аркылуу аркылуу жүргүзүлгөн жок? Бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелинет», — деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, Дастан Бекешов өзү парламентаризмди жактаган топту жетектейт. Өлкөнү башкаруу формасын аныктаган референдум 10-январда президенттик шайлоо менен катар өтөт.

Бөлүшүү