Кытай коронавирустун келип чыгышын иликтөөнү көздөгөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистерин өз аймагына киргизген жок. Эл аралык уюмдун эки эксперти виза боюнча маселеден улам өлкөгө кире алган эмес. Алар 2019-жылдын аягында биринчи болуп коронавирус катталган Ухань шаарына барышмак.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус расмий Бээжиндин бул чечимине капаланганын айтып чыкты. Ал эки адис сапарга чыгып алганына карабай өлкөгө кирбей калганына нааразылыгын билдирди.
Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча жетекчиси Майкл Райан адистер визадагы маселелерден улам кирбей калганын айтып чыкты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 6-январда эксперттик топтун келиши боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир нече айдан бери өз адистерин Кытайга жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген. Алар Уханда вирус айбанаттан кантип адамга жукканын изилдемек.