Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 206 адам сакайып чыкты

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 206 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек – 67
  • Ош шаары – 5
  • Чүй облусу – 62
  • Ош облусу – 8
  • Талас облусу – 13
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 32
  • Жалал-Абад облусу – 12
  • Баткен облусу – 6.

Стационарда дарыланууда 885 бейтап бар, алардын ичинен:
— 9 адам (1%) — канааттандыраарлык абалда;
— 573 (64,7%) — орто оордукта;
— 249 (28,1%) — оор абалда;
— 54 (6,1%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 1277 бейтап.

2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин 81 826 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 77 376 адам айыгып чыкты. 1363 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү