8-январга карата COVID-19 илдетинин 165 жаңы учуру катталды

Автор -

Кыргызстанда 8-январга карата COVID-19 илдетинин 165 жаңы учуру катталды.  Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек – 77
Ош — 0
Чүй облусу – 21
Ош облусу — 16
Талас облусу — 3
Нарын облусу — 5
Ысык-Көл облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 17
Баткен облусу — 2

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө 81 миң 991 адам вирус жуктурду. Анын ичинен 77 547 адам айыгып чыкты. 1365 адам каза тапты.