Министрлик: Мугалимдерди аттестациялоо кайра кирет

Автор -
439

Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.

Аттестациялоонун максаты:

  • мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
  • мугалимдердин профессионалдык жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу;
  • мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу;
  • мугалимдерди жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу.
[ads-quote-center cite=»]«Квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат». [/ads-quote-center]

Мыйзамга ылайык, окутуучуларга кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени үчүн төлөнөт:

  • жогорку категория үчүн – 2 миң сом;
  • биринчи категория үчүн – 1,5 миң сом;
  • экинчи категория үчүн – 1 миң сом.

2021-жылдын төрт айына (январь, февраль, март, апрель) мугалимдерге кошумча акы үчүн республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды.

Министрликтин маалымат кызматынан билдиргендей, соңку аттестация 2016-жылы өткөрүлүп, ошол бойдон токтоп калган.