Феликс Кулов: Кыргызстандыктарды жаңы президенттик шайлоо күтүп турат

Автор -
393
Сүрөт: birge.ru

Белгилүү саясатчы Феликс Кулов Kaktus.media басылмасына өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган реферундумдун жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, Садыр Жапаровго өтө оор болот.  Анткени ал элге өтө көп убадаларды берди, алардын кээси бири-бирине карама-каршы келет. Жаны Баш мыйзамды кабыл алгандан кийин кыргызстандыктарды алдыда жаңы президенттик шайлоо күтүп турат.

«Ансыз мүмкүн эмес, анткени жаңы президент бир убакта мамлекет башчы жана бийликтин аткаруучу бутагынын жетекчиси болот. Азыр ал өкмөттүн ишине кийлигишүү укугуна ээ эмес. Жаны Конституцияны кабыл алуу менен учурдагы президенттин укуктары автоматтык түрдө кеңейбейт. Демек, ал кайра шайланышы керек», — деп билдирди саясатчы.

Феликс Кулов ошондой эле кийинки чакрылыштагы парламент кандай болоорун божомолдоду.

«Жогорку Кеңешке бийликчил эки партия өтушү мүмкүн. Ал эми бир мандаттуулардын катарына негизинен акчалуу олигархтар келет. Бул чимкирик парламент эмес, кустурган парламент болот. Демек, бийлик институтунан элдин ого бетер көңүлү калат», — деди Кулов.

Бөлүшүү