Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Статс-катчы Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясындагы коррупция фактысы боюнча шектелип, 7-январда кармалган. Мекеме Мамыркалиев 9-январда мамлекеттин келтирилген зыяндын 2 миллион 500 миң сом суммасындагы бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп бергенин билдирди.
Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Эрмек Мамыркалиевге карата үй камагы түрүндө жаза чарасын колдонду. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясы 30га жакын ар кандай рангдагы аткаминерлерди жазык жоопкерчилигине тартты.
Аталган коррупциялык схема боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомду түзгөн. Финпол анын дээрлик бардык суммасы кайтарылганын билдирет.