Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 178 киши сакайып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен  178 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек – 60
  • Ош шаары – 2
  • Чүй облусу – 43
  • Ош облусу – 8
  • Талас облусу – 4
  • Нарын облусу – 7
  • Ысык-Көл облусу – 28
  • Жалал-Абад облусу – 12
  • Баткен облусу – 14.

Учурда 808 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 11 адам (1,1%) — канааттандыраарлык абалда;
— 506 (62,6%) — орто оордукта;
— 242 (29,9%) — оор абалда;
— 49 (6%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 1203 бейтап бар.

2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин 82 миң 495 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 78 181 адам айыгып чыкты. 1374 адам каза тапты.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү