Министрлик студенттер үчүн алгоритмди жарыялады

Автор -

Жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттерин окутууда аралаш алгоритм киргизилет. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров бүгүн, 13-январда маалымат жыйында билдирди.

Аткаминердин айтымында, февралдан тарта магистранттар, окуу жайлардын бүтүрүүчү курсундагылар жана медициналык университеттин студенттери кадимки режимде окуусун улантышат. Ар бир университетке кайсы факультетти кандай режимде окутууну өз алдынча чечүү укугу берилет. Бирок Билим берүү министрлиги окуу жайга келип билим алуусу окуу өтө зарыл болбогон кесиптин болочок ээлерин  онлайн окутууда калтырууну сунуштайт.

Тайпалар ар биринде 15тен көп эмес студент болгондой 2 топко бөлүнөт жана ары-бери көчпөй бир гана имаратта окутуу керек. Имаратка кирип жатканда студенттердин дене табы өлчөнөт. Алар бет кап кийип, бири-биринен 1,5 метр алыс аралыкта отурушу керек.  2-курстун студенттерди мамлекеттик экзаменди былтыркыдай эле онлайн берет. ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү дипломдорун коргоо жана мамлекеттик экзамен берүү үчүн окуу жайга келишет.

Бөлүшүү