Өмүркулов: Өкмөт башчы президенттик инаугурациядан кийин тандалат

Автор -

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылат. Бул тууралуу коалиция лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт.

Белгилей кетсек, азыркы Баш мыйзамга ылайык, президент башка мамлекеттик кызматты ээлөөгө укугу жок. Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев Конституция боюнча Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын инаугурацияга чейин тапшырып берүүгө тийиш экенин билдирүүдө. Анын айтымында, Жапаров өкмөт башчылыкты өткөрүп бергенден кийинки 15 күн ичинде башкаруучу коалиция жаңы премьер-министрди тандап, жарыялашы керек.

Бирок өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев Жапаров  президент катары ант берген соң өкмөт башчылыкты расмий тапшырарын билдирген.

Учурда Кыргызстанда премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда.