УКМК Курсан Асановдун жубайы тууралуу айыптоолорго жооп берди

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 11-январда Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканованы суракка алган эмес. Бул туурасында бүгүн, 14-январда комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта Асановдун жубайы УКМКга бир нече жолу чакыртып жатып келгенин, бирок сурак башталганга чейин эле өзүн жаман сезип баштаганы айтылат. Мындан улам коопсуздук комитетинин дарыгерлери чакырылып, алардын коштоосунда «Юрфага» жөнөтүлгөн. Ал жактан Үсөнкановага жатып дарыланууну сунушташкандыктан, Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган.

Буга чейин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Курсан Асановдун жубайы 11-январда УКМКга суракка чакырылып, сурак учурунда эс-учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө тушкөнүн жазган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү