Чүйдө Пакистан жаранынын 40 миң долларын карактап кеткендер кармалды

Автор -

Чүйдө Пакистан жаранынын 40 миң долларын күч колдонуу менен карактап алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 13-январь күнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы «Сосновка» стационардык постунда саат 22:00 чамасында «Мерседес» унаасына «перехват» планын жарыялаган. Себеби Тажикстандын жарандары күч колдонуп, Пакистан жарандарынын 40 миң доллар акчасын карактап, андан кийин күмүш түстөгү «Мерседес» унаасы менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Жогорудагы маалыматты алган «Сосновка» постунун нөөмөттүк инспекторлору жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын документтерин текшерүү учурунда күмүш түстөгү «Мерседес» унаасын токтотушкан. Айдоочуну текшерип жатканда бир нерсеге тынчсызданып жатканы байкалган. Текшерүү учурунда кызматкерлер унаадагылар бир жакка шашып же качып баратканын түшүнүшкөн.

«Ыкчам-топ аталган жерге келип, шектүүлөрдү кармашкан. Аларга тинтүү жүргүзгөндө чоң суммадагы акча табылган. Сурамжылоо жүргүзүү учурунда Тажикстан Республикасынын жарандары бул ири сумманын кандай алышканын түшүндүрө алышкан эмес. Тажикстандын үч жараны тең кармалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилди», — деп жазылат маалыматта.

 

Бөлүшүү