12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкекте эскирип кеткен таттууларды саткан дагы бир кампаны тапты. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, аталган кампада жарактуулугу 2018-жылы эле өтүп кеткен кондитердик азыктар (конфет, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып турган.
«Мындан сырткары, таңгактардан чыгарылган күндү оңдоо үчүн мөөрлөр жана жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган», — деп айтылат маалыматта.
Укук коргоочулар кампаны бекитип салышканы белгилүү болду. Бул факты боюнча тергөө башталып, аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев өз көзөмөлүнө алган.
Финпол ишкерлерге кайрылып, сатып жаткан товардын мөөнөтү өтүп кеткен болсо же талаптагыдай сапатка жооп бербей жатса, андан пайда көрбөөгө жана элдин ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырган.