Токой чарба агенттигинин улук инспектору пара менен кармалды

Автор -

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматта агенттиктин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы социалдык жана соода объектилерин куруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун берүү үчүн курулуш компанияларынан үзгүлтүксүз пара алып турганы такталды.

Башкармалыктын кызматкерлери уруксат кагаздарын жана лицензияларды алууда жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуучу механизмдерди киргизип, коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500-5000 долларга чейин пара берүүгө мажбурлашкан.

14-январда мекеменин улук инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда бул ишке башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү