УКМК: Мелис Аспековдун Жапыкеев тууралуу айтканы калп

Автор -

Социалдык тармакта активист Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу соцтармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Коопсуздук комитети жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКларда Мелис Аспеков тергөө учурунда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен талап кылып жаткан акчанын 50 миң долларын Финполдун жетекчисине берилмектигин айтканы тууралуу маалымат тараган.

Каржы полициясы бул окуяны «мекеменин кадыр-баркын кетирүү аракети» катары баалады. «Учурда Финпол мамлекетке миллиондогон зыян алып келген бир нече резонанстуу иштерди иликтеп жатат. Бул көп адамдарга жакпай жатат, алардын катарында мурунку жогорку кызматта тургандар жана башка таасирдүү адамдар бар. Айрымдар коомчулуктун алдында мекемени жаман көрсөтүү үчүн ар кандай ыкмаларга барып жана атайылап ушактарды таратып жатышат», — деп айтылды Финпол тараткан маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү