Бишкек шаарында жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагонунан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы Васильевский тракт №1 дарегиндеги Ак-Жол автобазасынын аймагындагы жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана VOLVO үлгүсүндөгү автоунаанын чиркегичи күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1 эркек киши каза болгон.
«Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себеби жана каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда», — деп жазылат маалыматта.